Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 41
Долбоорлордун өздүк салымдарына каражат бөлүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн түрткү берүүчү грант аркылуу каржылануучу долбоорунун өздүк салымдары үчүн каражат бөлүп берүү боюнча карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн түрткү берүүчү грант аркылуу каржылануучу төмөнкү долбоорлорго өздүк салымдары үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаттары бөлүнүп берилсин:
- Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин айланасын королоо,брусчаткалоо боюнча жазган долбоорунун сметалык баасы 2 677 870 сомдон өздүк салымы 870 361 сом
- А.Баймырзаев атындагы орто мектебинин ремонту боюнча жазган долбоорунун сметалык баасы 3 038 292, 00 сомдон өздүк салымы 1646 165 сом
- Айгыр-Жал айылындагы СВАнын имараты курулушу боюнча жазган долбоорунун сметалык баасы 5 822 000 сомдон өздүк салымы үчүн 2 822 000 сом акча каражаты
2. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен бул долбоорлорду түрткү берүүчү грант аркылуу каржылап беруу жагы суралсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |