Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 42
Көпүрөнүн курулушуна каражат бөлүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя-Сай участкасындагы көпүрөнүн курулушу үчүн келишим боюнча 7 620 683 сом акча каражатынан 5 000000 сому жергиликтүү бюджеттен каржыланып берилип жаткандыктан, бул акча каражатын бөлүп берүү боюнча карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылындагы Каныш-Кыя-Сай участкасындагы көпүрөнүн жалпы сметалык баасы 10 120 683 экендиги белгиленсин.
2. Каныш-Кыя айылындагы көпүрөнүн курулушуна 2019-жыл үчүн берилүүчү 7 620 683 сом акча каражатынан 5 000000 (беш миллион)сому Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |