Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 43
Балдар ойноочу жайды курууга каражат бөлүү жөнүндө
Башкы-Терек айылындагы Айчубак бала бакчасынын 2017-2018-жылдарда пайдаланылбай калган акча каражаттарынын эсебинен балдар ойноочу жайды курууга каражат бөлүп берүү боюнча карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкы-Терек айылындагы Айчубак бала бакчасынын 2017-2018-жылдар үчүн пайдаланылбай калган акча каражаттары эске алынсын.
2. Айчубак бала бакчасына балдар ойноочу жайын куруу үчүн 234041 (эки жүз отуз төрт миң кырк бир) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |