Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 44
Айыл өкмөттүн имаратынын айланасын короолоого жана сактоочу жай салуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имаратынын айланасын короолоо жана сактоочу жай салуу үчүн керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүү боюнча карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имаратаынын айланасын короолоого жана сактоочу жай салуу үчүн керектелүүчү 3030135 (үч миллион отуз миң бир жүз отуз беш ) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |