Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 45
Кара-Булак участкасындагы мечитти ремонттоо жөнүндө
Айгыр-Жал айылынын Кара-Булак участкасындагы мечитти ремонттоо жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылындагы Кара-Булак участкасынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылындагы Кара-Булак участкасындагы мечитти ремонттоо үчүн керектелүүчү 135680 ( бир жүз отуз беш миң алты жүз сексен )сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |