Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 47
Спорттук иш чараларды каржылоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында райондук деңгээлде өткөрүлүүчү спорттук мелдештерге жана областтык, республикалык деңгээлдеги спорттук, предметтик олимпиадаларга каражат бөлүп берүү жөнүндө карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн түзүлгөн социалдык экономикалык программасы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында райондук деңгээлде өткөрүлүүчү спорттук мелдештерге жана областтык, республикалык деңгээлдеги спорттук, предметтик олимпиадаларга 800000( сегиз жүз миң)сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |