Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 48
Курулуп жаткан объектилерге техникалык көзөмөл кызмат көрсөтүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында курулуп жаткан социалдык объектилерге техникалык көзөмөл кылуу кызматын көрсөтүүнүн эмгек акысын төлөп берүү жөнүндө карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн курулуп жаткан объектилерге техникалык кызмат көрсөтүү боюнча түзүлгөн келишими эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында курулуп жаткан социалдык объектилерге техникалык көзөмөл кылуу кызматын көрсөтүүнүн эмгек акысын төлөп берүү боюнча түзүлгөн келишимге ылайык 2,000 000( эки миллион) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |