Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 49
Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө даярдык көрүү үчүн керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомун аткарууга Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө даярдык көрүү үчүн керектелүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |