Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 50
Кара-Булак участкасыедагы жаңы бала бакчага элетр чубалгыларын жана суу түтүктөрүн орнотуп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Булак участкасындагы жаңы курулуп жаткан бала бакчага суу түтүктөрүн жана электр чубалгыларын камсыз кылып берүүгө керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Булак участкасындагы жаңы курулуп жаткан бала бакчага суу түтүктөрүн жана электр чубалгыларын камсыз кылып берүү үчүн 453530(төрт жүз элүү үч миң беш жүз отуз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |