Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 1
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин 03.06.2019-жылдагы №6 буйругунун негизинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2019-жылда аткарып жаткан иштери боюнча жер жана агрардык маселелер,айыл чарбасы,өнөр жайы,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматына ылайык Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер жана агрардык маселелер,айыл чарбасы,өнөр жайы,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматы эске алынсын.
2. Маалыматта көрсөтүлгөн башка област,райондордон келген чабандардан жайыттарды туура пайдалануу, малдын так эсебин алуу менен салык төлөмдөрүн убагында өндүрүү боюнча мүчүлүштүктөр орун алып жаткандыктан, атайын депутаттык комиссия түзүлсүн жана түзүлгөн комиссия менен бирдикте мал башына төлөнүүчү салыктарды өндүрүү багытында өз денгээлинде иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер,айыл чарбасы,өнөр жайы,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |