Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 2
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү кен казуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан ишканалар жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин 06.06.2019-жылдагы №7 буйругунун негизинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында ишмердүүлүк жүргүзуп жаткан ишканалардын жергиликтүү тургундар менен байланышы,ишке жайгаштыруу,экология,өндүрүш иштери боюнча мыйзамдуулук,укук тартиби,жаратылышты коргоо,экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматына ылайык Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамдуулук,укук тартиби,жаратылышты коргоо,экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетинин чачыранды алтын казуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзуп жаткан ишканалардын мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө берген маалыматы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында чачыранды алтын казуу боюнча ишмердүүлук жүргүзүп жаткан ишканалардын жалпы элдин талабы менен мыйзамсыз жүргүзүп жаткан иштерин жеринде тактап жана тиешелүү мекемелерге ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө сунуш жөнөтүү максатында төмөндөгүдөй курамда депутаттык комиссия түзүлсүн:
-Иманбеков Акбаралы-комиссиянын төрагасы
-Алмырзаев Абдразак- комиссиянын катчысы
-Дозонов Асылбек- комиссиянын мүчөсү
-Козубаев Мирбек –комиссиянын мүчөсү
-Алибеков Абдразак- комиссиянын мүчөсү
-Жолдошев Самат- комиссиянын мүчөсү
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Каратаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |