Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 3
Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айылдык Кеңешин каттоодон өткөрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешин Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы “Юридикалык жактарды,филиалдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү”№57 мыйзамынын 11-беренесине ылайык жергиликтүү кеңешти мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылдык кеңеши юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
2. Айылдык кеңештин фирмалык аталышы мамлекеттик тилде “Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айылдык кеңеши”мекемеси,ал эми расмий тилде “Каныш-Кийский айыльный кенеш Каныш-Кийского айыльного аймака” деп катталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Юридикалык дареги:Кыргыз республикасы,Жалал-Абад областы,Чаткал району,Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылы,Темиркул Кошбаев көчөсү № 102
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |