Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 4
Кара-Булак участкасындагы салынып жаткан бала бакчанын кошумча иштери жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү Кара-Булак участкасындагы жаңы салынып жаткан бала бакчаны куруп жаткан “СтройТех-27”жоопкерчилиги чектелген коомунун директору У.Отунчиевдин сметада көрсөтүлбөй калган кошумча иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндөгү жана атайын түзүлгөн комиссиянын актысын тиркеген кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “СтройТех-27”жоопкерчилиги чектелген коомунун директору У.Отунчиевдин сметада көрсөтүлбөй калган кошумча иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусу жана атайын түзүлгөн комиссиянын актысы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылынын Кара-Булак участкасында жаңы салынып жаткан бала бакчанын айланасындагы жер аянтын тегиздөө үчүн кошумча суралган акча каражаты боюнча маселе бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетинин кароосуна калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |