Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 5
Таза суу чыгарып берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү Каныш-Кыя айылынын Ж.Шекебаев көчөсүнүн тургундарынын көчөсүнө жана Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору А.Кулубаеванын мектепке таза суу чыгарып берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылынын Ж.Шекебаев көчөсүнүн тургундарынын көчөсүнө жана Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору А.Кулубаеванын мектепке таза суу чыгарып берүү жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылына таза суу чыгаруу боюнча долбоорго айылдагы айрым участкалар киргизилбей калгандыктан, кайрадан долбоор түзүү менен калган участкаларга таза суу чыгарып берүү боюнча иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы маданият,билим берүү,саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |