Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 6
Социалдык объектилердин кайрылуулары жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы орто билим берүүчү мекемелердин башчыларынын айрым жетишпестиктери жөнүндөгү кайрылууларын кайрадан иликтеп көрүү максатында Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы орто билим берүүчү мекемелердин башчыларынын айрым жетишпестиктери жөнүндөгү кайрылуулары жеринде тактап көрүү үчүн маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер боюнча жана бюджет, экономика, финансы туруктуу комитеттеринин кароосуна калтырылсын.
2. Кайрылуулардын негизинде жеринде иликтеп көрүп, зарылчылыгына карата кийинки сессияга сунуш даярдоо боюнча иш алып баруу аталган комитеттерге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Бегалиев |