Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 7
Маданият үйүнүн кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылынын маданият үйүнүн башчысы Г.Мамакееванын мекемеге кирүүчү тепкичтерин кайрадан оңдоп чыгууга каражат сураган кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылдык маданият үйүнүн башчысы Г.Мамакееванын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылындагы маданият үйүнө кирүүчү тепкичтерин кайрадан оңдоп калыбына келтирүү үчүн цемент алып берүүгө жана керектелүүчү инвентарларын алып берүүгө тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы маданият,билим берүү,саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |