Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 8
Таза суу чыгарууга кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылындагы Абдраманов Конокбай жанан Кулумбетов Кудайберди көчөлөрүнө киргизилип жаткан таза сууга керектелүүчү суу түтүктөрү жетишпегендигине байланыштуу кошумча каражат бөлүп берүүнү суранган айыл тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылындагы эки көчөнүн аягына чейин таза сууну жеткирүүгө керектелүүчү суу түтүктөрү үчүн 213 000(эки жүз он үч миң )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Каратаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |