Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 9
Мектептердин ашканасын талапка ылайык келтирүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Чакмак-Суу жана А.Айымбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин ашканасын талапка ылайык келтирүү боюнча мекеме башчыларынын кайрылууларын карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чакмак-Суу жана А.Айымбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин башчыларынын кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебине 624 931(алты жүз жыйырма төрт миң тогуз жүз отуз бир)сом жана Алике Айымбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине окуучуларга ысык тамак берүү үчүн ашканасын талапка ылайык келтирүүгө 412 323 (төрт жүз он эки миң үч жүз жыйырма үч) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Каратаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |