Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 10
Электр линияларын талапка ылайык келтирүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылынын Иманалиев Чотон атындагы жана Келечек көчөлөрүндөгү жаңы орнотулган трансформатордун айланасын королоо жана электр мамычаларын талапка ылайык келтирүү боюнча айыл тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын Иманалиев Чотон атындагы жана Келечек көчөлөрүн электр жарыгы менен камсыз кылуучу трансформатордун айланасын королоого жана электр мамычаларын талапка ылайык келтирүүгө керектелүүчү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Каратаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |