Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 11
Коргон-Сай айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Коргон-Сай айылынын тургундарынын жана К.Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жетекчиси А.Эгембердиевдин спорт залдын жуунучу жайын оңдотуп берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Коргон-Сай айылынын тургундарынын жана К.Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жетекчиси А.Эгембердиевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Коргон-Сай айылындагы К.Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин спорт залындагы жуунучу жайын оңдоп ишке киргизүүгө 30000(отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.Кайрылууда көрсөтүлгөн калган жетишпестиктер маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер боюнча жана бюджет, экономика, финансы туруктуу комитеттеринин кароосуна калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Каратаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |