Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 12
Калктын коопсуздугуна кам көрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү калктын коопсуздугуна кам көрүү багытында иш алып барып жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын Ала-Бука райондор аралык бөлүмүнө жаңы имарат салууга демөөрчүлүк үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндөгү мекеме башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын Ала-Бука райондор аралык бөлүмүнүн башчысы М.Шабыралиевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү калктын коопсуздугу үчүн кызмат кылып келе жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын Ала-Бука райондор аралык бөлүмүнө жаңы имарат салууга демөөрчүлүк иретинде 300000 (үч жүз миң) сом акча каражатын мыйзамга ылайык бөлүп берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Каратаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |