Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 13
Таза суунун сапаты жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылынын Эшалиев Шатман жана Нармырзаев Сатымкул көчөсүнүн батыш бөлүгүнө чейин келүүчү таза суунун резервуарын тазалап,кайрадан талапка ылайык келтирүү жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылынын Эшалиев Шатман жана Нармырзаев Сатымкул көчөсүнүн батыш бөлүгүнө кетүүчү таза суунун резервуарын талапка ылайык калыбына келтирүү боюнча маселени жеринде көрүп тактап келүүгө жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы, муниципалдык менчик боюнча жана бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитеттеринин кароосуна калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |