Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 14
Т.Мырзалиевдин эмгек акысы жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын алдындагы коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) төрагасы Т.Мырзалиевдин эмгек маянасын төлөп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун төрагасы Т.Мырзалиевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы №82 мыйзамынын 12-1 статьясында көрсөтүлгөндөй КААБнун төрагасы Т.Мырзалиевдин эмгек маянасы 2019-жылдын 1-июлунан баштап 5000(беш миң) сом өлчөмүндө эсептелип берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |