Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 15
Балдардын мектепке чейинки билим алуусуна шарт түзүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондусунун “ Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорлорун ишке ашырууда балдардын мектепке чейинки билим алуусуна шарт түзүүдө керектелүүчү каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондусунун “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорлорун ишке ашырууда балдардын мектепке чейинки билим алуусуна шарт түзүлөрү белгиленсин.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчага барбаган балдардын мектепке чейинки билим алуусуна шарт түзүү максатында тарбиячылардын эмгек акысын төлөп берүү үчүн 30000(отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |