Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 16
Спорттук шаймандар менен камсыздоо жөнүндө
Т.Эрматов атындагы Өспүрүмдөр жана балдар спорт мектебинин директору Акжол уулу Равшандын спорттук эмеректерди жана спорттук кийимдерди алып берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Эрматов атындагы Өспүрүмдөр жана балдар спорт мектебинин директору Акжол уулу Равшандын кайрылуусу эске алынсын.
2. Т.Эрматов атындагы Өспүрүмдөр жана балдар спорт мектебине спорттук шаймандардын эн зарыл болгондорун гана алуу үчүн тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |