Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 17
Дан тазалоочу аппарат (БИМ) алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин дан эгиндерин тазалоочу аппарат (БИМ)сатып алуу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитети дан эгиндерин өндүрүү,үрөнчүлүк чарбаны өнүктүрүү боюнча иш жүргүзүп жаткандыктан,дан эгиндерин тазалоочу аппарат (БИМ) сатып алуу зарылдыгы белгиленсин.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетине үрөнчүлүк чарбаны өнүктүрүү багытында ишти жандандыруу, кызмат көрсөтүүдөн , салык төлөмдөрүнөн өз убагында каражат топтоо менен дан эгиндерин тазалоочу аппарат (БИМ) сатып алуу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |