Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 18
Каныш-Кыя айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынын Шамалдуу-Сай участкасынын тургундарынын таза суу чыгарып берүү жана каналга көпүрө салып берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылынын Шамалдуу-Сай участкасынын тургундарынын таза суу чыгарып берүү жана каналга көпүрө салып берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын Шамалдуу-Сай участкасынын тургундарына таза суу чыгарып берүү жана каналга көпүрө салып берүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк программасына долбоор даярдоо менен ишке ашыруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |