Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 19
Жардам сурап кайрылган жарандар жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына жол кырсыгына кабылгандыгына байланыштуу жардам сураган Айгыр-Жал айылынын тургуну Алмазбек уулу Майрамбек жана үй салып жаткандыгына байланыштуу жардам сураган жалгыз бой эне Турдалиева Зейнептин кайрылууларын карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 27.05.2019-жылдагы № С-89 жана 01.07.2019-жылдагы № Т-119 каттары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн тургундары Алмазбек уулу Майрамбекке жана Турдалиева Зейнепке үй шартын иликтөө менен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунан мүмкүнчүлүгүнө карата материалдык жардам берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |