Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 20
Ден соолугуна байланыштуу жардам сурап кайрылган жарандар жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык кеңешине ден соолугуна байланыштуу жардам сураган кайрылган жарандардын турмуш шарттарын карап жана талкуулап,материалдык жардам берүү максатында, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылдык кеңешине жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн төмөнкү тургундарына Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жегиликтүү бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен материалдык жардам катары акча каражаттары бөлүнүп берилсин жана мындан кийин жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу жеке жарандарга материалдык жардамдарды берүү токтотулсун.
-Каныш-Кыя айылынын тургуну Ашырбекова Гулзарга кызынын оорусуна байланыштуу 20000(жыйырма миң)сом,
- Айгыр-Жал айылынын тургуну Сарыбаева Айчүрөккө оорусуна байланыштуу 20000 (жыйырма миң) сом,
-Коргон-Сай айылынын тургуну Сулайманов Уланбекке оорусуна байланыштуу 30000(отуз миң) сом,
-Айгыр-Жал айылынын тургуну Атабаева Майрамканга оорусуна байланыштуу 30000(отуз миң)сом,
-Айгыр-Жал айылынын тургуну Давронов Абдылдабекке келининин оорусуна
байланыштуу 30000 (отуз миң) сом,
-Башкы-Терек айылынын тургуну Каримова Назирага баласынын оорусуна
байланыштуу 20000 (жыйырма миң) сом,
-Каныш-Кыя айылынын тургуну Курманбекова Оросгүлгө дарыланууга 30000 (отуз
миң) сом
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |