Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 21
Кайың-Суу мечитинин капиталдык ремонтунун смета-долбоорун түзүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу участкасындагы мечитти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн смета-долбоорун түздүрүүгө каражат бөлүп берүү боюнча Кайың-Суу участкасынын тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайың-Суу участкасынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын Кайың-Суу участкасындагы мечитти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн смета-долбоорун түздүрүүгө жергиликтүү бюджеттин ар кандай чыгымдар эсебинен 50000 (элүү миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |