Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 22
Чакмак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебинин тротуарына асфальт төшөө жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү Чакмак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебинин жыйындар залы үчүн бөлүнгөн акча каражатын мектептин астындагы тротуарга асфальт төшөө иштерине жумшоого уруксат сурап кайрылган мекеме жетекчисинин кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чакмак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебинин астындагы тротуарына асфальт төшөө зарылдыгы белгиленсин.
2. Чакмак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебинин жыйындар залы үчүн бөлүнүп берилген 190000(жүз токсон миң )сом акча каражаты мектептин астындагы тротуарына асфальт төшөө иштерине жумшоого уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |