Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 23
“Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө
“Каныш-Кыя Тазалык “ муниципалдык ишканасынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн 2019-жылдын бюджетинен каралуучу субсидияны төмөнкү статьялар үчүн бекитип берүү боюнча кайрылууларын карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каныш-Кыя Тазалык “ муниципалдык ишканасынын кайрылуусу эске алынсын. 2. “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын ЗИЛ-130 автомашинасы жана МТЗ-82,1 трактору үчүн тетиктерди алууга 2020-жылдын бюджетине киргизилсин.
-Каныш-Кыя айылындагы таза суу киргизилбеген айрым көчөлөрүнө керектелүүчү суу түтүктөрүн алып берүүгө 106970 (жүз сексен алты миң сексен беш)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана мурун ар бир кожолукка киргизилген суу түтүктөрүн диаметри 15 мм болгон суу түтүктөрүнө алмаштырылсын,жаны киргизилип жаткан суу түтүктөрү үйдүн ичине гана киргизүүгө уруксат берилсин.
-Өрдөш жана Чукурчак таза суу резервуарларына оператор-хлоратор адисинин эмгек акысы сентябрь айынан баштап 15000 (он беш миң)сом өлчөмүндө бекитилип, кабыл алууга конкурс жарыяга берилсин.
-Коргон-Сай айылындагы таза суу резервуарына фильтр орнотууга 48500 (кырк сегиз миң беш жүз)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
-Каныш-Кыя айылынын борбордук көчөлөрүнүн жашоочуларына таштанды үчүн ар бир түтүнгө бир айга 100 сомдон 2019-жылдын 1-июлунан төлөм бекитилип берилсин.
-Таштанды таштоочу жайга фотоловушка орнотууга 75000 сом жана жумушчулардын атайын кийимдери үчүн 9300 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |