Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 25
Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгынын кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгынын кайрылуусуна ылайык акча каражатын бөлүп берүүгө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тартыштыгына байланыштуу мүмкүнчүлүгү жок экендиги белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |