Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 26
“Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн өсүп –өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга “Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жөнүндө талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу”наамынын Жобосу бекитилсин.
2. .”Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулунун” күбөлүгүнүн баяндоосу бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |