Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 27
“Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюмун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү “ №57 мыйзамынын 11-беренесине ылайык Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү “Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюмун мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылындагы “Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга уруксат берилсин.
2. .”Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюмунун Уставы бекитилсин жана юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. ”Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюмунун фирмалык аталышы мамлекеттик тилде “Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси”, ал эми расмий тилде “ Учреждения дошкольная образовательная организация “Нур Билим” деп катталсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |