Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 28
Жер-Капчыгай участкасына спорт аянтчасын куруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жер-Капчыгай участкасына спорттук аянтча куруп берүү жөнүндөгү жаштардын кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер-Капчыгай участкасынын жаштарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын Жер-Капчыгай участкасына спорттук аянча курууга уруксат берилсин жана тиешелүү акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |