Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу № 2
“Каркын ”ЖЧКсына жер иштетүүгө макулдук бербөө жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу “Качалатор” участкасындагы 1407 га жер аянтына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан “Каркын” ЖЧКсына чачыранды алтынды иштетүү үчүн 2020-жылдын 19-июнуна чейин иштетүү максатында кен пайдалануу укугуна 2015-жылдын 19-июнундагы №4199 АП лицензиясынын жана №2 лицензиялык макулдашууга ылайык геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук бербөө боюнча Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу “Качалатор” участкасынан 1407 га жер аянтын “Каркын ” ЖЧКсына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |