Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу № 3
“Кичи Чаарат ” ЖАКна жер иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу “Куру-Тегерек” участкасындагы 30 га жер аянтына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан “Кичи Чаарат” ЖАКна алтын, күмүш, жезди 2021-жылдын 31-декабрына чейин иштетүү максатында кен пайдалануу укугуна 2008-жылдын 22-июлундагы Аu -88-02 лицензиясынын жана № 21 лицензиялык макулдашууга ылайык “Кичи Чаарат” ЖАКна иштетүүгө макулдук берүү боюнча Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу “Куру-Тегерек ” участкасынан 30 га жер аянтын “Кичи Чаарат ” ЖАКна иштетүүгө макулдук берилсин жана суралган жер аянтына башка курулуш объектилери салына турган учурда айылдык кеңешке долбоору сунушталып, мыйзам чегинде макулдашылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |