Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу № 4
Долбоор сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылында жайгашкан Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын сыртын оңдоп түзөө боюнча долбоорду Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштап берүү жөнүндөгү мекеме башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы А.Айдарбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылында жайгашкан Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын сыртын оңдоодон өткөрүү боюнча сметалык баасы 700000(жети жүз миң)сомдук долбоору Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын жана мындан кийин райондук денгээлдеги мекемелер боюнча долбоорлорду сунуштоого чектөө коюлсун.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |