Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу № 5
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын катын кароо жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын катында көрсөтүлгөн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Чакмак-Суу айылынын тургуну Молдотаева Бактыгул 4 эм төрөгөндүгү үчүн мамлекет тарабынан берүлүүчү батирди ала албагандыгын белгилеп, азыркы күнгө чейин туруктуу жашоого үйү жоктугуна байланыштуу Чакмак-Суу ФАПынын эски имаратында жашап жаткандыктан, ушул имаратты мыйзам чегинде бул үй-бүлөгө өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын каты эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Чакмак-Суу айылынын ФАПынын эски имараты Молдотаева Бактыгүлдүн үй-бүлөсүнө үй-там катары пайдаланууга жеке менчигине өткөрүлүп берилсин.
3. Чакмак-Суу ФАПынын эски имаратын мыйзам чегинде жеке менчикке өткөрүп берүү багытында тиешелүү документтери боюнча иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |