Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу № 6
Кызматтык автоунаа жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаа катары пайдаланып жүргөн автоунаасын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башка тармактарына пайдалануу боюнча сунушун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаа жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ВАЗ 2121 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы айыл аймакка тиешелүү башка тармактарында иш алып баруусу үчүн Каныш-Кыя айылдык кеңешине пайдаланууга калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |