Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу № 7
2020-жылга карата сунушталуучу долбоорлор жөнүндө
Кырыгыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Дем берүүчү(үлүштүк) гранттар бөлүмү аркылуу каржылануучу гранттарга Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн 2020-жылга карата сунушталуучу долбоорлорду аныктоо боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата сунушталуучу долбоорлорду аныктоо боюнча сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн 2020-жылга карата төмөнкү иштердин долбоорлору даярдалып сунушталсын:
-Айгыр-Жал айылынын Кара-Булак участкасындагы 1,5 км жолду асфальттоо боюнча
- Б.Сарпашев жана А.Кубатбеков көчөлөрүндөгү асфальт төшөө иштерин аягына чейин жеткирүү
-Каныш-Кыя айылындагы керектүү жерлерге тротуар үчүн жолго асфальт төшөө боюнча
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |