Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу № 8
Таза суу долбоорун жаны конуштарга жеткирүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылындагы Кармоцех участкасындагы таза суу долбоорун айылдын жаны конуштарына чейин жеткирүү боюнча сунушун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн таза суу долбоорун жаны конуштарга жеткирүү боюнча сунушу эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылынын Кармоцех участкасындагы таза суу долбоорун каржылап берүү Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын жана айылдын жаны конуштарына чейин жеткирип берүү үчүн керектелүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |