Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу № 9
Башкы-Терек айылындагы көпүрөнү оңдоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Башкы-Терек айылындагы чоң көпүрө ДЭП -27 ишканасынын балансында тургандыгына байланыштуу башка каржылоо булактары аркылуу оңдоого сунуштоо боюнча Башкы-Терек айылынын айыл башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкы-Терек айылынын айыл башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Башкы-Терек айылындагы көпүрөнү оңдоо иштери сырткы каржылоо булактары аркылуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө байланыштуу ДЭП-27 ишканасына оңдоо иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшү боюнча иш алып баруу жөнүндө сунуш жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |