Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу № 10
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо боюнча материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Каныш-Кыя айылдык аймагынын 2019-жылынын баш оона айынын 13-дөгү № 277 буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентарлоо материалдарын карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентарлоо боюнча даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентарлоо боюнча материалдарын райондун администрациясына бекитип берүүгө жана киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2018-жылдын бирдин айынын 22-деги № 19 буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жолдошевке милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |