Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу № 11
Жаштарды спортко багыттоого кам көрүү жөнүндө
Чаткал райондук Т.Эрматов атындагы Өспурүмдөр жана балдар спорт мектебинин ичин ремонттон өткөрүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук Т.Эрматов атындагы Өспүрүмдөр жана балдар спорт мектебинин ичинин абалы ремонт иштерине муктаж экендиги белгиленсин.
2. Чаткал райондук Т.Эрматов атындагы Өспүрүмдөр жана балдар спорт мектебинин ичин оңдоо үчүн тиешелүү акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жолдошевке милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |