Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-августу № 14
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участкаларына менчик же ижара укугун берүүчү комиссияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жер адиси Мажитов Мурзакматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жер адиси Мажитов Мурзакматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап элге берилүүчү тамарканы жана башка муниципалдык жерлерге менчик же ижарага колдонууга укук берүүчү комиссиянын составы 21 адам болуп тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, Агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ибраим уулу Т. |