Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-марты № 18-1
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана калдык болгон акча каражаты жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XVIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана 2019-жылга калдык болуп калган акча каражатын бекитүү жөнүндөгү“ маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга карата киреше бөлүгү 50 146,8 миң сомдон, аткарылышы 57 068,9 миң сомго же 113,8 пайызга, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 50 146,9 миң сомго, же 93,0 пайызга аткарылганы белгиленсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдан калдык болуп калган 10 454,7 миң сом акча каражаты 2019-жылдын бюджетине киреше болуп киритилип, 2019-жылдын бюджетинен 10 454,7 миң сом чыгаша болуп бекитилсин.
3. Айыл өкмөтү жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
4. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |