КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-марты № 18-2
Айылдык аймактагы балдар бакчаларында тамак-ашы үчүн ата-энелери тарабынан төлөнүүчү төлөмдү бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XVIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, Айылдык аймактагы балдар бакчаларында тамак-ашы үчүн ата-энелери тарабынан төлөнүүчү төлөмдү бекитүү жөнүндөгү маселелерди карап чыгып, ата-энелердин чогулушунун протоколдорунун жана айылдык кеңештин “социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын 06.03.2019-жылдагы № 17-протоколдорунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймактагы балдар бакчаларында тамак-ашы үчүн ата-энелери тарабынан төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмү 750 сом деп белгиленсин.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |