Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-марты № 18-3
Кызыл-Кыштак айылындагы М.Хашимов жана К.Сабиров көчөлөрүн асфальтоодо сметада көрсөтүлбөгөн кошумча аткарылган иштерге акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XVIII сессиясынын күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылындагы М.Хашимов жана К.Сабиров көчөлөрүн асфальтоодо сметада көрсөтүлбөгөн кошумча аткарылган иштерге акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Хашимов жана К.Сабиров атындагы көчөлөрдү асфальтоодо кошумча аткарылган иштерге, техникалык көзөмөлдөө адиси (тезнадзор) тарабынан берилген актысынын негизинде көрсөтүлгөн кошумча акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн булктардын эсебинен ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |